Abstract
Кыргыз элинин көптөгөн кылымдардын ичинде жаратып, сактап келген бай оозеки чыгармаларынын ичинде макал-лакаптарга өзгөчө орун таандык. Турмуштун элдик эрежеси болгон бул чакан чыгармаларда элибиздин бүтүндөй басып өткөн жолу, турмуштук тажрыйбасы, дүйнө таануусу, жаратылыш менен болгон мамилеси, элдик билимдери камтылган. Учурда жарык көргөн жыйнактарда макал-лакаптардын санынын он миңден ашуун болушу кыргыз фольклорунун байлыгын, өзгөчөлүгүн көрсөтүп турат десек жаңылышпайбыз. Андыктан аларды түрдүү өңүттөрдөн жаңыча көз караш менен карап, баа берүүнү колго алуу зарыл. Макалада кыргыздардын канаттууларга байланышкан айрым макалдарынын жаралуу себептери, маанилери тилдик, фольклордук жана этнографиялык аспектиден каралды.
Published Version
Talk to us
Join us for a 30 min session where you can share your feedback and ask us any queries you have