Abstract
Ω ⸦〖 E〗_5 аймагында ушундай жылма сызыктардын көптүгү берилген: ар бир X∈Ω чекити аркылуу берилген көптүктүн бир гана ω^1 сызыгы өтөт. Ушул сызык үчүн Френенин репери [1] боло тургандай кыймылдуу репер тандалып алынган. Бул репердин координаталык векторлорунун интегралдык сызыктары Френенин торчосун [1] түзүшөт. Ушул торчонун ω^3 сызыгынын жанымасында F_3^2 чекити инварианттык түрдө аныкталат. X чекити Ω аймагында кыймылга келгенде, F_3^2 чекити өзүнүн Ω_3^2 ⸦〖 E〗_5 аймагын сызып чыгат. Натыйжада f_3^2 (X)=F_3^2 боло тургандай f_3^2: Ω→Ω_3^2 бөлүктөп чагылтуусуна ээ болобуз. ∆_3= (X,e ⃗_2,e ⃗_4,e ⃗_5) жана ∆_3^'=f_3^2 (∆_3 ) бөлүштүрүүлөрүн карайбыз. Аныктама: Эгерде d⸦〖 ∆〗_3 сызыгынын X чекитиндеги жанымасы жана d ̅=f_3^2 (d) сызыгынын F_3^2 чекитиндеги жанымасы бир эле үч ченемдүү мейкиндикте (e ⃗_2,e ⃗_4,e ⃗_5 векторлоруна керилген) жатышса, анда d жана d ̅ сызыктары f_3^2 бөлүктөп чагылтуусунда (∆_3,〖∆'〗_3) түгөй бөлүштүрүүлөрүнүн квазикошмок сызыктары деп аталышат. Френенин торчосу Френенин циклдик торчосу болгон учурда d⸦〖 ∆〗_3 жана d ̅⸦〖∆'〗_3=f_3^ 2 (∆_3) сызыктары (∆_3, ∆'〗_3) түгөй бөлүштүрүүлөрүнүн квазикошмок сызыктары болушунун зарыл жана жетиштүү шарттары далилденген.
Published Version
Talk to us
Join us for a 30 min session where you can share your feedback and ask us any queries you have