Abstract
Бул макалада изилдөөнүн предмети катары кайра иштетүү продукцияларын өндүрүүчү ишкананын өндүрүмдүүлүгүн экономикалык-математикалык, компьютердик моделдердин жардамында моделдештирүү аркылуу оптималдаштыруунун усулдары каралган. Изилдөөлөрдүн негизги максаты болуп экономиканын актуалдуу маселелерин, чыгыша-кирешелеринин тактыгын математикалык методдордун жардамында моделдештирүү жолдору, аларды колдонуунун зарыл жана жетишерлик шарттары эсептелет. Макаланын негизинде анык бир ишкананын продукцияларын өндүрүүдө өндүрүмдүүлүктүн оптималдаштыруу маселесин чечүү, колдо бар каражаттар менен эң жогорку эффективдүү натыйжага жетишүү үчүн, иш-аракеттердин планын, алгоритмин, программасын же моделин түзүү маселеси коюлган. Анын бирден бир жолу маселени чечүүгө арналган чыгымдарды азайтуу менен, акыл эмгегин пайдаланып, экономикалык-математикалык метод менен моделдештирүү экени каралган. Изилдөөнүн жыйынтыгында кайра иштетүү продукцияларды өндүрүү процесстерин, экономикалык маселелерди экономика-математикалык методдордун жардамында моделдештирүү аркылуу чечүү – бизнес чөйрөсүндө, илим чөйрөсүндө да колдонулуучу илимий-методикалык негизделген ыкма катары далилденген.
Published Version
Talk to us
Join us for a 30 min session where you can share your feedback and ask us any queries you have