Ата-бабаларыбыз тамак-аш азыктарын, азыркы мезгилдеги азыктарды кайра иштетүүдөн жана сактоодон айрымаланып, кургатылган түрдө гана жылдап сакташып, анан пайдаланышкан. Алар дан эгиндеринен буудай менен арпаны эгин талаасынын четине оюп курулган оролорго куюп сакташкан, ал эми макани болсо кайыңдын же тыттын чыбыгынан (ноодасынан) токулган четенге салышкан. Жердин кыртышына жана аба ырайына жараша ал жерге туура келген дан эгиндеринин жакшы сортторун себишкен. Ошондой эле кайрак жерлерди которуштуруп айдоо жолу менен пайдаланышкан. Мындан сырткары элибиз мөмө-жемиш дарактарынын мөмөлөрүн кургатышып алып сакташкан. Андай мөмө-жемиштердин арасынан биринчи июнь айында бышкан бөдөнө тытты, экинчи саратан мезгилинде бышкан өрүктүн учма кандек, ак кандек деген сортторун, кийин сентябрь айында бышкан жаңгак менен жийдени терип күнгө жайып кургатып алышкан. Ушул эле мезгилде жапайы мөмө-жемиштерден пистени (мистени), долонону, карагатты да кагып, терип, кургатышып, кийин тамак-ашка колдонушкан. Исфайрам-Сай чөлкөмүнүн жаратылышы абдан кеңири болгондуктан, жапайы тоо көк чөптөрүнө бай аймак болуп саналат. Ошондуктан ата-бабаларыбыз тоо көк чөптөрүн суу (өл) учурунда же кургатылгандан кийин тамак-ашка кошуп, анын жагымдуулугун арттыруу жана ден соолукка пайдалуулугун жогорулатуу үчүн пайдаланышкан. Аларга тоо пиязы, кийик от, аркар от, чай чөп, көбүргөн ж.б. кирет. В отличии от нынишней переработки и хранения продуктов питания, наши предки их хранили только в сушенном виде потом употребляли. Из зерновых культур: пшеницу и ячмень хранили в ямах (оро) вырытых на краю зерновых полей, а кукурузу плетенной ограде (четен) из прутьев березы или тутовника. В зависимости почвенного покрова и погодных условий выбирали лучшие сорта зерновых культур для посева, а также для богарных земель применяли севоборот. Кроме того наши предки сушили и хранили плоды фруктовых деревьев. Из таких фруктов сушили первым созревшие в июне тутовника, затем в июле абрикосы (урюки), а в сентябре орехи и жийде. В это же времья собирали и сушили дикорастушие фисташки, боярышник, барбарис и употребляли в пище. Природа Исфайрам-Сайского региона очень обширна, поэтому считается богатым краем дикой горной зеленой травой. Наши деды добавляли в пищу свежие или сушенные горные зеленые травы для улучшения вкусовых качеств. К ним относятся горный лук, трава горной косули и архара, зверобой и др. Unlike the current processing and storage of food, our ancestors stored them only in dried form and then consumed them. From grain crops: wheat and barley were stored in pits (oro) dug at the edge of grain fields, and corn in a wicker fence (cheten) from mulberry birch twigs. Depending on the soil cover and weather conditions, the best varieties of grain crops were chosen for sowing, and crop rotation was also used for rainfed lands. In addition, our ancestors dried and stored fruits of fruit trees. Of these fruits, mulberries, which ripened in June, were the first to be dried, then apricots (apricots) in July, and nuts and jyde in September. At the same time, wild-growing pistachios, hawthorn, barberry were collected and dried and used in food. The nature of the Isfayram-Sai region is very extensive; therefore, it is considered a rich land of wild mountain green grass. Our grandfathers added fresh or dried mountain green herbs to their food to improve their palatability. These include mountain onion, grass of mountain roe deer and argali, St. John's wort, etc. others