Abstract

Бул макалада учурдагы жогорку окуу жайында студенттерди тарбиялоонун маанилүү аспектиси болгон дене тарбиясы каралган. Калктын саламаттыгынын деңгээлинин төмөндөшүнүн жалпы тенденциясы жүрүп жаткан мезгилде, компетенттүү, атаандаштыкка жөндөмдүү, өмүр бою өзүн-өзү өнүктүрүүгө жөндөмдүү инсанды даярдоодо өзгөчө роль жогорку окуу жайына берилет. Ушуга байланыштуу университеттеги спорттук чөйрөнүн эң маанилүү милдеттеринин бири болуп студенттердин мүмкүнчүлүктөрүн ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүп берүү саналат. Ошондой эле, дүйнөлүк деңгээлде алып карасак, 2015-жылдын 25-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун 193 мүчө-мамлекеттери 17 Туруктуу өнүгүү максаттарын кабыл алып аны ишке ашыруу боюнча 169 милдетттенмелерди алышкан. Туруктуу өнүгүү максаттарын 3-максаты “Жакшы ден соолук жана бакубаттуулук” – деп аталып, дени сак жашоо мүнөзүн камсыздоо жана бардык курактагы ар бир адамдын бакубаттуулугу үчүн көмөктөшүү милдети коюлган. Университеттин спорттук чөйрөсүнүн студенттердин калыптанышына жана өнүгүшүнө тийгизген таасирине байланыштуу изилдөөлөр жаштардын адаптация жана инсандык калыптануу процесстерин түшүнүүдө маанилүү роль ойнойт. Спорт студенттик жамааттын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири катары физикалык өнүгүүгө гана эмес, студенттердин социалдык көндүмдөрүн калыптандырууга, ден соолугун чыңдоого жана жалпы активдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт.

Full Text
Published version (Free)

Talk to us

Join us for a 30 min session where you can share your feedback and ask us any queries you have

Schedule a call