Abstract

Бул макалада 2023-жылдагы кызамык оорусунун күчөп таркап кетүүсү, келип чыгуу себептери, эпидемиологиясы,белгилери, дарылоо ыкмалары, алдын-алуу жолдору жана бул ооруга тиешелүү болгон акыркы эсептөөлөр туралуу негизги маалыматтарды талдоо баяндалган. Ар кандай жаштагы балдарда кызамык дартынын клиникалык белгилеринин өзгөчөлүктөрү борбордук нерв системасынын жабыркашы, кабылдоосу көрсөтүлүп, анын клиникалык түзүлүшүнө мүнөздөмө берилген. Кызамык оорусун козгоочу вируска каршы иммуниттеттин калыптануусунун өзгөчөлүктөрү көрсөтүлгөн. Ушул жугуштуу ооруга тиешелүү лабораториялык жана дифференциалдык аныктоо маселелери, кызамык дартын заманбап дарылоо жана атайын алдын-алуу ыкмалары так көрсөтүлгөн. Улуттук жылнааманын чегинде ооруну алдын-алууда вакцина алуу аркылуу эмдөө зарылдыгы белгиленген. Кызамык оорусунун очогунда эпидемияга каршы өткөрүлгөн иш-чараларга, жугуштуу ооруну башынан өткөргөн балдарга диспансердик байкоо (учетто) жүргүзүү талаптары каралган.

Full Text
Published version (Free)

Talk to us

Join us for a 30 min session where you can share your feedback and ask us any queries you have

Schedule a call