Abstract

Мендик – адамдын өзү жөнүндөгү жана өзү түзгөн менталдык сүрөт болуп эсептелет. Адамдын ээ болгон мендиги менен жетүүнү эңсеген идеалдуу мендиктин ортосунагы айырмачылык – мендик баа, б.а. өзүн өзү жактыруу же жактырбоо, өзүнүн мендигин канааттандыруу даражасы катары аныкталат. Мендик баа адамдын өзүнө берген баасын камтып, анын өзү жөнүндөгү объективдүү маалыматтардын субъективдүү маалымат катары баалануусун билдирет. Мендик баа адамдын жашоосунда өзгөчө ролго ээ болгондуктан, психологияда эң көп изилденген концепттердин бири болуп эсептелет. Ошого карабастан, учурда бул жаатта Кыргызстанда мугалимдер жана изилдөөчүлөр колдоно ала турган жана мендик бааны өлчөөчү каражат жок. Жүргүзүлгөн изилдөөнүн максаты – Т. Арыжак (1999) тарабынан даярдалган «Мендик баа» шкаласын кыргыз маданиятына адаптациялоо. Жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасында адаптацияланган шкала кыргыз педагогдору жана изилдөөчүлөрүнө өз салымын кошот деген ойдобуз. Изилдөөдө бир маданиятка ылайыкташтырылып даярдалган шкаланын башка маданиятка ылайыкташтырылып адаптациялануусу үчүн коюлган тийиштүү талаптар аткарылды. Изилдөөдө шкаланын адаптациясын жүргүзүүдө анын түзүлүшүнүн жарамдуулугун аныктоо максатында изилдөөчү жана тастыктоочу фактордук анализдер жүргүзүлдү. Кронбах-альфа жана пункттардын жалпы корреляциясы кабыл алууга мүмкүн болгон ишенимдүүлүк индекстери беш фактордун ар бири үчүн жетиштүү деңгээлде экени аныкталды. Бул жыйынтыктарга таянып «Мендик баа» шкаласынын бардык факторлору канааттандыраарлык жүккө ээ болгон беш факторлуу структурага ээ экенин айтууга болот.

Full Text
Paper version not known

Talk to us

Join us for a 30 min session where you can share your feedback and ask us any queries you have

Schedule a call

Disclaimer: All third-party content on this website/platform is and will remain the property of their respective owners and is provided on "as is" basis without any warranties, express or implied. Use of third-party content does not indicate any affiliation, sponsorship with or endorsement by them. Any references to third-party content is to identify the corresponding services and shall be considered fair use under The CopyrightLaw.